Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл областтык музыкалык драма театры

Д.Нургазиев Кыргыз Республикасынын эл артисти

  1.  Нургазиев Давлетбек Бакасович;

  2. 1957-жылы, 11- апрелде туулган;

  3. Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Чоң-Кызыл-Суу айылы;

  4. Эмгек жолу:

  • 1974-1979 – Москва шаарындагы Щепкин атындагы жогорку театр окуу жайы;

  • 1979-1983 – Ош кыргыз драма театры, артист;

  • 1985-1991- К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театры, артист;

  • 1991-2020- режиссер-коюуучу;

  • 2016-2020 – театрдын көркөм жетекчиси болуп эмгектенип келет.

  1. 5. Жараткан негизги ролдору:

  • А.Грибоедовдун “Акылдан азабында”-Чацкийдин,

  • Шекспирдин “Ричард III”-Глостердин,

  • Д.Сариев “Апийим гүлдөгөндө” – Шергазы,

  • К.Жантөшевдин “Курманбегинде”-Курманбектин,

  • Т.Актановдун “Барсбегинде”-Барсбектин,

  • М.Байжиевдин “Кожожашында”-Кожожаштын”,

  • М.Байжиев “Тил табышкандар” – Мукамбет Шыйкынбаев,

  • А.Абдыгулова “Бурулча” – Нурдөөлөт,

  • Ч.Айтматов, М.Шахановдун “Сократты эскерүү түнүндө”-Миңдөөлөттүн, Чыңгызхандын,

  • Л.Разумовскаянын “Медеясында”-Ясондун,

  • Э.Ионеско “Макбет” – Дункан,

  • А.Чекиров “Кызыл профессор” – Касым Тыныстанов,

  • Ж.Садыковдун “Манастын уулу Семетейинде”-Бакай ж.б. 100гө жакын ролдорду аткарган.

Режиссер-коюучу катары койгон спектаклдери:

  • Ч.Айтматов “Каркыранын көз жашы”,

  • Ж.Кулманбетов “Уурдалган от”,

  • Б.Калчабаева “Кыз күйөө”,

  • Т.Касымбеков “Кара көлөкө” (Даткайым),

  • Ж.Түрк “Тагай Бий”,

  • Д.Смирнов “СМСка”,

  • Ч.Айтматов “Жамийла”,

  • Д.Нургазиев “Өрүктүү бейиш”,

  • К.Ходинян “Атпагыла, мен өлүкмүн!”,

  • А.Максүтов “Үркүн”,

  • А.Ната “Жашагым келет” ж.б. 

Кино жаатында аткарган ролдору:

  • “Жизнь и смерть Фердинанда Люса” – Хоа,

  • “У меня все нормально” – сержант Бектемиров,

  • “Үркүн” – Бопуш,

  • “Туугандар” – Бокуш,

  • “Абысындар” – Данди ж.б.

  1. Жетишкен ийгиликтери:

  • Кыргызстан ЛКСМ БКнын “Ардак грамотасы” менен сыйланган.

  • Театр искусствосун өнүктүрүүдөгү кошкон зор салымы үчүн КРнын билим, илим жана маданият министрлигинин Ардак грамотасы менен бир нече жолу сыйланган;

  • Театр искусствосун өнүктүрүүдөгү кошкон зор салымы үчүн Т.Абдумомунов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты болгон.

  • С.Жумадылов, Ж.Абдыкадыров атындагы сыйлыктардын лауреаты.

  • Өзү туулуп өскөн “Жети-Өгүз районунун ардактуу атуулу”.

  • “Саякбай манасчы” медалы менен сыйланган.

  1. Мамлекеттик сыйлыктары:

  • 1995-жылы “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” ардактуу наамына ээ болгон.

  • 2017-жылы “Кыргыз Республикасынын эл артисти” ардактуу наамы ыйгарылган.