Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл областтык музыкалык драма театры

Т.Сатаров Кыргыз Республикасынын эл артисти

  1. 1. Сатаров Токтобек;
  2. 2. 1948-жылы, 26-апрелде туулган;
  3. Ысык-Көл облусу, Тоң району, Бөкөнбаев айылы.
  4. 4. Эмгек жолу:
  • 1967-1972 – Москва шаарындагы А.В.Луначарский атындагы театр окуу жайы;
  • 1972-1991 – Ош кыргыз драма театры, артист;
  • 1991-1992 – режиссер – коюуучу;
  • 1992-1994 – башкы режиссер;
  • 1994-2004 – К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театры, директор-көркөм жетекчи;
  • 2004-2007 – көркөм жетекчи;
  • 2007-2012 – режиссер – коюуучу;
  • 2012 – 2020 – театрдын сахна чебери.
  1. Жараткан негизги ролдору:
  • А.Токомбаев “Күндүн чыгышы” – Шабанов,
  • В.Шекспир “Он экинчи түндө” – Мольволио,
  • “Гамлет” – Калавдий,
  • Т.Адумомунов “Ашырбай” – Дадый,
  • М.Ауэзов “Каракөз” – Нарша,
  • “Абай” – Абай,
  • Б.Жакиев “Миң кыял” – Эгемберди,
  • Ч.Айтматов “Танабай” – Сегизбаев,
  • “Бетме-бет” – Мырзакул,
  • Ж.Садыков “Эр Төштүк” – Эр Төштүк,
  • “Ак Мөөр” – Жантай,
  • М.Гапаров “Кар астындагы алчалар” – Касым Алиевич,
  • К.Жантөшев “Курманбек” – Корун ж.б.

Койгон спектаклдери:

  • Б.Жакиев “Саадак какты”,
  • “Күлгөндүн билгени бар”,
  • М.Байжиев “Окуя”,
  • “Тил табышкандар”,
  • М.Гапаров “Аялдардын деңизи”,
  • Ж.Садыков “Ак Мөөр”,
  • Ш.Бейшеналиев “Кычан”,
  • М.Ауэзов “Абай” ж.б.
  1. Жеткен ийгиликтери:
  • Кыргыз театр искусствосуна кошкон салымы үчүн Кыргыз ССР Жогорку Советинин “Ардак грамотасы” менен сыйланган.
  • “Нооруз-92” театралдык фестивалында Ж.Садыковдун “Ак Мөөр” спектаклин койгондугу үчүн “М.Рыскулов” атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты болгон;
  • “Манас” эпосунун 1000 жылдык юбилейин өткөрүүдөгү кошкон зор салымы үчүн “Манас – 1000” медалы ыйгарылган;
  • Алма-Ата шаарында өткөн М.Ауэзовдун 100 жылдыгына арналган эл аралык театр фестивалында “Абай” спектаклин коюп, 3-орунду жеңип алышкан.
  • Ош областынын жана шаарынын театр искусствосуна кошкон зор салымы үчүн “Ош – 3000” эстелик медалы менен сыйланган;
  1. Мамлекеттик сыйлыктары:
  • 1988-жылы “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти” наамы берилген;
  • 1997-жылы “Кыргыз Республикасынын эл артисти” ардактуу наамы ыйгарылган.