Д.Нургазиев Кыргыз Республикасынын эл артисти

Нургазиев Давлетбек Бакасович;
1957-жылы, 11- апрелде туулган;
Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Чоң-Кызыл-Суу айылы;
Эмгек жолу:
1974-1979 – Москва шаарындагы Щепкин атындагы жогорку театр окуу жайы;
1979-1983 – Ош кыргыз драма театры, артист;
1985-1991- К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театры, артист;
1991-2020- режиссер-коюуучу;
2016-2020 – театрдын көркөм жетекчиси болуп эмгектенип келет.
5. Жараткан негизги ролдору:
А.Грибоедовдун “Акылдан азабында”-Чацкийдин,
Шекспирдин “Ричард III”-Глостердин,
Д.Сариев “Апийим гүлдөгөндө” – Шергазы,
К.Жантөшевдин “Курманбегинде”-Курманбектин,
Т.Актановдун “Барсбегинде”-Барсбектин,
М.Байжиевдин “Кожожашында”-Кожожаштын”,
М.Байжиев “Тил табышкандар” – Мукамбет Шыйкынбаев,
А.Абдыгулова “Бурулча” – Нурдөөлөт,
Ч.Айтматов, М.Шахановдун “Сократты эскерүү түнүндө”-Миңдөөлөттүн, Чыңгызхандын,
Л.Разумовскаянын “Медеясында”-Ясондун,
Э.Ионеско “Макбет” – Дункан,
А.Чекиров “Кызыл профессор” – Касым Тыныстанов,
Ж.Садыковдун “Манастын уулу Семетейинде”-Бакай ж.б. 100гө жакын ролдорду аткарган.
Режиссер-коюучу катары койгон спектаклдери:
Ч.Айтматов “Каркыранын көз жашы”,
Ж.Кулманбетов “Уурдалган от”,
Б.Калчабаева “Кыз күйөө”,
Т.Касымбеков “Кара көлөкө” (Даткайым),
Ж.Түрк “Тагай Бий”,
Д.Смирнов “СМСка”,
Ч.Айтматов “Жамийла”,
Д.Нургазиев “Өрүктүү бейиш”,
К.Ходинян “Атпагыла, мен өлүкмүн!”,
А.Максүтов “Үркүн”,
А.Ната “Жашагым келет” ж.б.
Кино жаатында аткарган ролдору:
“Жизнь и смерть Фердинанда Люса” – Хоа,
“У меня все нормально” – сержант Бектемиров,
“Үркүн” – Бопуш,
“Туугандар” – Бокуш,
“Абысындар” – Данди ж.б.
Жетишкен ийгиликтери:
Кыргызстан ЛКСМ БКнын “Ардак грамотасы” менен сыйланган.
Театр искусствосун өнүктүрүүдөгү кошкон зор салымы үчүн КРнын билим, илим жана маданият министрлигинин Ардак грамотасы менен бир нече жолу сыйланган;
Театр искусствосун өнүктүрүүдөгү кошкон зор салымы үчүн Т.Абдумомунов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты болгон.
С.Жумадылов, Ж.Абдыкадыров атындагы сыйлыктардын лауреаты.
Өзү туулуп өскөн “Жети-Өгүз районунун ардактуу атуулу”.
“Саякбай манасчы” медалы менен сыйланган.
Мамлекеттик сыйлыктары:
1995-жылы “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” ардактуу наамына ээ болгон.
2017-жылы “Кыргыз Республикасынын эл артисти” ардактуу наамы ыйгарылган.