Т.Сатаров Кыргыз Республикасынын эл артисти

- 1. Сатаров Токтобек;
- 2. 1948-жылы, 26-апрелде туулган;
- Ысык-Көл облусу, Тоң району, Бөкөнбаев айылы.
- 4. Эмгек жолу:
- 1967-1972 – Москва шаарындагы А.В.Луначарский атындагы театр окуу жайы;
- 1972-1991 – Ош кыргыз драма театры, артист;
- 1991-1992 – режиссер – коюуучу;
- 1992-1994 – башкы режиссер;
- 1994-2004 – К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театры, директор-көркөм жетекчи;
- 2004-2007 – көркөм жетекчи;
- 2007-2012 – режиссер – коюуучу;
- 2012 – 2020 – театрдын сахна чебери.
- Жараткан негизги ролдору:
- А.Токомбаев “Күндүн чыгышы” – Шабанов,
- В.Шекспир “Он экинчи түндө” – Мольволио,
- “Гамлет” – Калавдий,
- Т.Адумомунов “Ашырбай” – Дадый,
- М.Ауэзов “Каракөз” – Нарша,
- “Абай” – Абай,
- Б.Жакиев “Миң кыял” – Эгемберди,
- Ч.Айтматов “Танабай” – Сегизбаев,
- “Бетме-бет” – Мырзакул,
- Ж.Садыков “Эр Төштүк” – Эр Төштүк,
- “Ак Мөөр” – Жантай,
- М.Гапаров “Кар астындагы алчалар” – Касым Алиевич,
- К.Жантөшев “Курманбек” – Корун ж.б.
Койгон спектаклдери:
- Б.Жакиев “Саадак какты”,
- “Күлгөндүн билгени бар”,
- М.Байжиев “Окуя”,
- “Тил табышкандар”,
- М.Гапаров “Аялдардын деңизи”,
- Ж.Садыков “Ак Мөөр”,
- Ш.Бейшеналиев “Кычан”,
- М.Ауэзов “Абай” ж.б.
- Жеткен ийгиликтери:
- Кыргыз театр искусствосуна кошкон салымы үчүн Кыргыз ССР Жогорку Советинин “Ардак грамотасы” менен сыйланган.
- “Нооруз-92” театралдык фестивалында Ж.Садыковдун “Ак Мөөр” спектаклин койгондугу үчүн “М.Рыскулов” атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты болгон;
- “Манас” эпосунун 1000 жылдык юбилейин өткөрүүдөгү кошкон зор салымы үчүн “Манас – 1000” медалы ыйгарылган;
- Алма-Ата шаарында өткөн М.Ауэзовдун 100 жылдыгына арналган эл аралык театр фестивалында “Абай” спектаклин коюп, 3-орунду жеңип алышкан.
- Ош областынын жана шаарынын театр искусствосуна кошкон зор салымы үчүн “Ош – 3000” эстелик медалы менен сыйланган;
- Мамлекеттик сыйлыктары:
- 1988-жылы “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти” наамы берилген;
- 1997-жылы “Кыргыз Республикасынын эл артисти” ардактуу наамы ыйгарылган.