Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл областтык музыкалык драма театры

Ш.Дүйшөнкулов Кыргыз Республикасынын эл артисти

    1. Дүйшөнкулов Шаршеналы;
    2. 1949-жылы, 4-ноябрда туулган;
    3. Нарын областы, Жумгал району, Чаек айылы.
    4. Эмгек жолу:
    • 1967-1972 – Москва шаарындагы А.В.Луначарский атындагы театр окуу жайы;
    • 1972-1985 – Ош кыргыз драма театры, артист;
    • 1985-2020 – К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театры, сахна чебери.
    1. Жараткан негизги ролдору:
    • Т.Абдумомунов “Машырбек үйлөнөт” – Супатай,
    • Ж.Садыков “Өлүп тирилгендер” – Коркок,
    • Н.Гоголь “Текшерүүчү” – Свистунов,
    • Ч.Айтматов “Кылым карыткан бир күн” – Эдилбай,
    • З.Сооронбаева “Сынган мазар” – Качкын,
    • Д.Сариев “Кайран эл” – Шиш кара,
    • Б.Калчабаева “Кыз-күйөө” – Сейитказы,
    • М.Назаралиев “Өмүргө эки жашасам” – Касым,
    • К.Жапаров “Намыскөйлөр” – Кырбаш,
    • Б.Жакиев “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай” – Чал,
    • И.Содиков “Апендинин беш катыны” – Апенди,
    • Ж.Кулмамбетов “Манас, Манас болгону…” – Жакып хан,
    • В.Шекспир “Король Лир” – Француз королу,
    • Ч.Айтматов “Алгачкы аңчылык” – Орган,
    • М.Ауэзов “Абай” – Жиренче,
    • М.Де Гельдерод “Эскориал” – Дербиш,
    • А.Чекиров “Кызыл профессор” – Тергөөчү,
    • Ч.Айтматов “Сократты эскерүү түнү” – Акын
    • М.Карим “Ай тутулган түндө” – Ырыскулбай,
    • М.Байжиев “Кожожаш” – Кара кожо,
    • А.Дегенбаева “Тагай бий” – Адиген бай,
    • М.Карим “Ай тутулган түндө” – Ырыскулбай
    • Ж.Садыков “Мен арызданам” – Арызчы ж.б.

    Жеткен ийгиликтери:  

    • Кыргыз театр искусствосуна кошкон салымы үчүн Кыргыз ССР Жогорку Советинин “Ардак грамотасы” менен сыйланган.
    • И.Содиковдун “Апендинин беш катыны” комедиясында Апендинин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн КР Маданият министрлигинин “Ардак грамотасы” менен сыйланган;
    • Театр искусствосун өнүктүрүүдөгү кошкон зор салымы үчүн КР Билим, Илим жана Маданият министрлигинин “Ардак грамотасы” менен сыйланган.
    • “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинин ээси.
    • “Жарык кайда?” спектаклинде Кошуна чалдын образын эң мыкты жараткандыгы үчүн “А.Боталиев” атындагы республикалык сыйлыктын лауреаты болгон ж.б.

    Мамлекеттик сыйлыктары:

    • 1993 – жылы “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамына ээ болгон.
    • 2016 – жылы “Кыргыз Республикасынын  эл артисти” ардактуу наамына ээ болгон.