А.Шатенов Кыргыз Республикасынын эл артисти

- Шатенов Алтынбек Касымбекович;
- 1960 – жылы, 8 – февралда туулган;
- Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Григорьевка айылы;
- Эмгек жолу:
- 1977- Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын алдында уюшулган актердук студия.
- 1980-1981 – Кыргыз Улуттук академиялык драма театры, монтировка кызматкери .
- 1981-1983 – актер;
- 1989-1990 – Ташкент шаары, ТТХИ.
- 2004-2009 – Каракол шаарындагы К.Алышпаев атындагы институт.
- 1983-2015 – К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театры, сахна чебери.
- Жараткан негизги ролдору:
- Ж.Садыковдун “Манастын уулу Семетей” сп-де Желдеңбайдын,
- Ж.Садыков “Өлүп тирилгендер” – Хулиган,
- Н.Нахуцришвили “Чинчракка” – Чинчракка,
- А.Сорокин “Жооп берүүчү күн да келет” – Искен,
- Н.Гоголь “Үйлөнүү” – Жевакин,
- К.Жантөшев “Курманбек” – Аккан,
- М.Гапаров “Чагылгандын огу” – Айбек,
- Т.Абдымомунов “Маашырбек үйлөнөт” – Маашырбек,
- Б.Калчабаева “Мен сүйгөн обон” – Самаган,
- Ж.Осмонов “Сүлүк курттар” – Оңол,
- Н.Гоголь “Текшерүүчү” – Хлестаков,
- Ч.Айтматов “Кыямат” – Петруха,
- З.Сооронбаева “Сынган мазар” – Карабай,
- Д.Сариев “Кайран эл” – Петров,
- Б.Калчабаева “Кыз күйөө” – Баяман,
- Т.Абдымомунов “Каркыралар кайтканда” – Байтерек,
- Ж.Кулманбетов “Манас, Манас болгону…” – Манас,
- Э.Турсунов “Баш мээси менен” – Арстанбеков,
- У.Шекспир “Корль Лир” – Король Лир,
- Д.Сариев “Апийим гүлдөгөндө” – Мукамбет,
- А.Чекиров “Кызыл профессор” – Касым Тыныстанов,
- Э.Ионеско “Макбет” – Макбет,
- Б.Жакиев “Улуу үркүндө” – Миңжашар,
- С.Балгабаев “Адашкан махабат” – Даукен,
- Ч.Айтматов “Каркыранын көз жашы” – Сеңгирбай,
- Л.Разумовская “Мария Стюарт” – Джеймс Босуел,
- Т.Актанов “Барсбек” – Магулан Билге каган,
- К.Асаналиева “Үзүлгөн үмүт” – Атай,
- Б.Жакиев “Саадак какты” – Жан алгыч,
- Н.Давлесов “Аста секин колукту” – Солтобай,
- А.Дегенбаева “Тагай бий” – Сейиткан,
- Ю.Эдлист “Арзуу кумары” – Антоний,
- М.Байжиев “Алтынчы күнү кечинде” – Болуш,
- В.Шекспир “Ричард III” – Ричард,
- К.Акиев, К.Жантөшев “Курманбек” – Тейитбек,
- М.Жакыпов “Курманжан Датка” – Алымбек Датка,
- Ч.Айтматов “Көздөн учкан көк жээк” – Эмрайин ж.б.
- Жеткен ийгиликтери:
- Н.Гогольдун “Текшерүүчү” сп-де Хлестаковдун ролун чебер жараткандыгы үчүн “Жылдын эң мыкты эркектин образы” сыйлыгын жеңип алган
- В.Шекспирдин “Король Лиринде” Король Лирдин образын эң мыкты жараткандыгы үчүн “Классикалык ролдун жеңүүчүсү” болгон.
- Ж.Кулманбетовдун “Манас, Манас болгону…” сп-ги Манастын образын мыкты жараткандыгы үчүн “Манас-1000” медалына ээ болгон.
- Ч.Айтматовдун 80 жылдык юбилейине арналган фестивалда “Каркыранын көз жашы” чыг-гы Сеңгирбайдын ролун мыкты жаратып, “С.Жумадылов” атындагы сыйлыктын лауреаты болгон.
- СССРдин Эл артисти “М.Рыскулов” атындагы сыйлыктын лауреаты болгон.
- Кыргызстан театр ишмерлер союзунун “Академиги” болгон.
- Өзү туулуп өскөн Григреьвка айылынын жана Каракол шаарынын “Ардактуу атуулу” болгон.
- Мамлекеттик сыйлыктары:
- 1993-жылы “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” ардактуу наамына ээ болгон.
- 2010-жылы “Кыргыз Республикасынын эл артисти” ардактуу наамы менен сыйланган.
- 8. 2015-жылы, 4-октябрда дүйнөдөн өткөн.