Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл областтык музыкалык драма театры

А.Шатенов Кыргыз Республикасынын эл артисти

  1. Шатенов Алтынбек Касымбекович;
  2. 1960 – жылы, 8 – февралда туулган;
  3. Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Григорьевка айылы;
  4. Эмгек жолу:
  • 1977- Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын алдында уюшулган актердук студия.
  • 1980-1981 – Кыргыз Улуттук академиялык драма театры, монтировка кызматкери .
  • 1981-1983 – актер;
  • 1989-1990 – Ташкент шаары, ТТХИ.
  • 2004-2009 – Каракол шаарындагы К.Алышпаев атындагы институт.
  • 1983-2015 – К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театры, сахна чебери.

 

  1. Жараткан негизги ролдору:
  • Ж.Садыковдун “Манастын уулу Семетей” сп-де Желдеңбайдын,
  • Ж.Садыков “Өлүп тирилгендер” – Хулиган,
  • Н.Нахуцришвили “Чинчракка” – Чинчракка,
  • А.Сорокин “Жооп берүүчү күн да келет” – Искен,
  • Н.Гоголь “Үйлөнүү” – Жевакин,
  • К.Жантөшев “Курманбек” – Аккан,
  • М.Гапаров “Чагылгандын огу” – Айбек,
  • Т.Абдымомунов “Маашырбек үйлөнөт” – Маашырбек,
  • Б.Калчабаева “Мен сүйгөн обон” – Самаган,
  • Ж.Осмонов “Сүлүк курттар” – Оңол,
  • Н.Гоголь “Текшерүүчү” – Хлестаков,
  • Ч.Айтматов “Кыямат” – Петруха,
  • З.Сооронбаева “Сынган мазар” – Карабай,
  • Д.Сариев “Кайран эл” – Петров,
  • Б.Калчабаева “Кыз күйөө” – Баяман,
  • Т.Абдымомунов “Каркыралар кайтканда” – Байтерек,
  • Ж.Кулманбетов “Манас, Манас болгону…” – Манас,
  • Э.Турсунов “Баш мээси менен” – Арстанбеков,
  • У.Шекспир “Корль Лир” – Король Лир,
  • Д.Сариев “Апийим гүлдөгөндө” – Мукамбет,
  • А.Чекиров “Кызыл профессор” – Касым Тыныстанов,
  • Э.Ионеско “Макбет” – Макбет,
  • Б.Жакиев “Улуу үркүндө” – Миңжашар,
  • С.Балгабаев “Адашкан махабат” – Даукен,
  • Ч.Айтматов “Каркыранын көз жашы” – Сеңгирбай,
  • Л.Разумовская “Мария Стюарт” – Джеймс Босуел,
  • Т.Актанов “Барсбек” – Магулан Билге каган,
  • К.Асаналиева “Үзүлгөн үмүт” – Атай,
  • Б.Жакиев “Саадак какты” – Жан алгыч,
  • Н.Давлесов “Аста секин колукту” – Солтобай,
  • А.Дегенбаева “Тагай бий” – Сейиткан,
  • Ю.Эдлист “Арзуу кумары” – Антоний,
  • М.Байжиев “Алтынчы күнү кечинде” – Болуш,
  • В.Шекспир “Ричард III” – Ричард,
  • К.Акиев, К.Жантөшев “Курманбек” – Тейитбек,
  • М.Жакыпов “Курманжан Датка” – Алымбек Датка,
  • Ч.Айтматов “Көздөн учкан көк жээк” – Эмрайин ж.б.
  1. Жеткен ийгиликтери:
  • Н.Гогольдун “Текшерүүчү” сп-де Хлестаковдун ролун чебер жараткандыгы үчүн “Жылдын эң мыкты эркектин образы” сыйлыгын жеңип алган
  • В.Шекспирдин “Король Лиринде” Король Лирдин образын эң мыкты жараткандыгы үчүн “Классикалык ролдун жеңүүчүсү” болгон.
  • Ж.Кулманбетовдун “Манас, Манас болгону…” сп-ги Манастын образын мыкты жараткандыгы үчүн “Манас-1000” медалына ээ болгон.
  • Ч.Айтматовдун 80 жылдык юбилейине арналган фестивалда “Каркыранын көз жашы” чыг-гы Сеңгирбайдын ролун мыкты жаратып, “С.Жумадылов” атындагы сыйлыктын лауреаты болгон.
  • СССРдин Эл артисти “М.Рыскулов” атындагы сыйлыктын лауреаты болгон.
  • Кыргызстан театр ишмерлер союзунун “Академиги” болгон.
  • Өзү туулуп өскөн Григреьвка айылынын жана Каракол шаарынын “Ардактуу атуулу” болгон.
  1. Мамлекеттик сыйлыктары:
  • 1993-жылы “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” ардактуу наамына ээ болгон.
  • 2010-жылы “Кыргыз Республикасынын эл артисти” ардактуу наамы менен сыйланган.
  1. 8. 2015-жылы, 4-октябрда дүйнөдөн өткөн.